Окуучулардын спартакиадасы жыйынтыкталды

16-Май 2017, Шейшемби

Бишкекте 10-15-май күндөрү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында мектеп окуучуларынын спартакиадасы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентттигинен билдиришти.

Мелдештин жабылыш салтанатына Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетекчиси Ырысбек Маткабылов жана башкалар катышты.

Спартакиадага өлкөнүн 7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан 1500гө жакын спортчу катышып, 15 спорттун түрү боюнча чемпионду аныктады. Алар: баскетбол, волейбол, тогуз коргоол, теннис, шахмат, кичи футбол, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыргыз күрөшү, бокс, ордо, жеңил атлетика, оор атлетика, самбо жана таэквондо.

Жыйынтыгында командалык эсепте Бишкектин курамасы 1-орунду ээледи. 2-орунду Ысык-Көл облусунун курама командасы багынтса, 3-орунга Чүй облусунун спортчулары ээ болушту.

Командалык эсепте:

1-орун: Бишкек

2-орун: Ысык-Көл облусу

3-орун: Чүй облусу

4-орун: Талас облусу

5-орун: Жалал-Абад облусу

6-орун: Ош облусу

7-орун: Баткен облусу

8-орун: Нарын облусу

9-орун: Ош шаары

Жалпы командалык эсепте I, II, III орунду алган командаларга кубок дипломдор жана акчалай (30, 20, 15 миң) сомдук сертифакттар тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!