Баку-2017: Руслан Царев күмүш байгени жеңди

18-Май 2017, Бейшемби

17-майда КРнын улуттук грек-рим күрөшү боюнча мүчөсү Руслан Царев Азербайджандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештигинин оюндарында күмүш тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Спортчу грек-рим стили боюнча 71 кг салмактагы категорияда түркмөнстандык Жейхун Овездурдыев менен беттешип, чейрек финалда ирактык спортчу Аль Салихи Таха Ясин Дабир менен мелдеште 3:0 эсебинде жеңген.

Финалдык таймашта ирандык Герае Мохммадали менен кармашып, жыйынтыгында ирандык спортчу 3:4 айырма менен жеңип, кыргыз балбаны күмүш медаль тагынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!