Дарья Таланова коло тагынды

18-Май 2017, Бейшемби

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештигинин оюндарында кыргызстандык суучул Дарья Таланова 200 метр аралыктагы сууда сүзүүнүн брасс стилинде коло байгени жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу финалдык жарышта 2:34.53 көрсөткүч менен коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Таланова Ислам тилектештигинин оюндарында 5чи медалды алып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!