Илим Италияда күмүш байгеге ээ болду

2-Июнь 2017, Жума

Кыргызстандык спортчулар Италияда өткөн пляждагы күрөш боюнча эл аралык мелдеште 2 медаль тагынды.

28-майда Сассари шаарынды 12-эл аралык "Sardinia Beach Wrestling 2017" турнири болгон.

Мелдеште Кыргызстандан Илим Билимов эркектер арасындагы 80 кг чейинки салмактагы категорияда финалга чейин чыгып, италиялык спортчу менен беттешип, жыйынтыгында күмүш байгени жеңип алды.

80 кг жогорку салмактагы Илгиз Билимов румыниялык спортчу Михаил Паладиан менен беттешип, ал дагы күмүш байгеге ээ болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!