Балбандар “Ашхабад-2017” оюндарына катышат

19-Июль 2017, Шаршемби

Кыргызстандык балбандар Алыш күрөшү боюнча 17-27-сентябрда Түркмөнстанда өткөрүлө турган “Ашхабад-2017” V Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке чейин спортчулар Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 30-августтан 14-сентябрга чейин машыгуулардан өтүшмөкчү. Аларга мамлекеттик дирекция тарабынан 1 млн 205 миң сом бөлүнгөн.

Ашхабад-2017” V Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын курамасындагы спортчуларынын тизмеси:

Эркектер:

Нурбек Аканов -1987-ж, (100 кг чейин)
Жаныбек Аллакулов – 1993- ж, (80 кг чейин)
Шерикбай Аманилла уулу – 1995- ж, (90 кг чейин)
Ирлан Казбек уулу – 1996-ж, (70 кг чейин)
Асилбек Калматов – 1985-ж, (100кг ашык)
Нурбек Кожобеков – 1988-ж, (90 кг чейин)
Бекболсун Кушубаков – 1985-ж, (100 кг чейин)
Кайрат Маматзакиров – 1993-ж, (90 кг чейин)
Нурлан Садыралы уулу – 1995-ж, (70 кг чейин)
Мадан Шаршеналы уулу – 1997-ж, (70 кг чейин)
Ойбек Камулов – 1992-ж, ( 80 кг чейин)

Кыз-келиндер:

Уулкан Алибай кызы – 1995-ж, (65 кг чейин)
Кумушай Аттокур кызы – 1995-ж, (65 кг чейин)
Нурзат Бакктияр кызы – 1994-ж, (70 кг чейин)
Алтынай Мамарасул кызы – 1998-ж, (75 кг чейин)
Мээрим Мийзамидин кызы – 1994-ж, (55 кг чейин)
Мээрим Момунова – 1990-ж, (60 кг чейин)
Анара Рыскулова – 1995-ж, ( 55 кг чейин).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!