Көк-бөрү: Кыргызстан Өзбекстанды 11:2 эсебинде жеңди

22-Авг. 2017, Шейшемби

Казакстандын Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн, 22-августта кыргызстандык улакчылар Өзбекстан менен беттеши аяктады. Жыйынтыгында кыргызстандык улакчылар 11:02 эсебинде жеңишке жетишти. Эми Кыргызстан Түркия менен эртең 23-августта оюн өткөрөт. Беттеш саат 10до башталат.

Кечээ 21-августта көк бөрү боюнча улуттук команда Монголия менен беттешип 4:0 эсебинде жеңишке жеткен болчу.

Маалым болгондой, кыргыз улакчылары "А" тобунда Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан өлкөлөрү менен күч сынашууда.

Эскерте кетсек, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатына 14 мамлекеттин командалары катышууда. Оюндар 28-августка чейин созулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!