Асылбек уулу самбодон дагы бир алтынды алды

27-Сен. 2017, Шаршемби, 10:41

Кыргызстандык спортчу Жамалбек Асылбек уулу Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында самбо боюнча мелдеште алтын байгени жеңип алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.

Жамалбек 82 кг салмактагы категорияда күч сынашкан. Финалга чейин финляндиялык, өзбекстандык, казакстандык спортчуларды жеңип, алтын байге үчүн беттеште тажикстандык спортчуну 8:0 упай эсебинде утуп алды.

Азыркы тапта Кыргызстандын байге куржунунда 68 медаль бар. Анын ичинен 13 алтын, 18 күмүш, 37си коло. Түркмөнистанда өтүп жаткан Азия оюндары бүгүн, 27-сентябрда жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!