Футбол: Кыргызстан Мьянма тең чыкты

11-Окт. 2017, Шаршемби, 10:19

Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Мьянманын ортосундагы беттеш кечээ, 10-октябрда өттү.

Оюндун биринчи бөлүгүндө Кыргызстан бир топ киргизип эсепти ачкан. Ал эми экинчи таймда 2:1 эсеби менен алдыда бара жаткан. Бирок кошумча дагы төрт мүнөттүк убакыт берилген. Ушундан пайдаланган мьянмалыктар 92-мүнөттө дарбазага топ киргизип эсепти теңдеп койду. Натыйжада оюн тең эсеп менен аяктады.

Маалыматка ылайык, оюн Мьянманын Янгон шаарындагы Thuwunna YTC стадионунда болду.

Эске сала кетсек, 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Мьянма өлкөсүнүн футболдук беттеши болмок.

Оюнга бир күн калганда Мьянмадагы Ракхайн штатындагы рохинжа мусулмандары менен будда динин туткан бирмалыктардын ортосундагы карама-каршылык күч алганына байланыштуу өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими менен коопсуздукту алдын алуу үчүн футболдук беттеш токтотулган.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!