​Бишкекте бокс боюнча чемпионат старт алды

18-Окт. 2017, Шаршемби, 15:11

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаштар арасында бокс боюнча чемпионат өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мелдеш 1998-жылы туулган жана андан жогорку курактагы мушкерлер арасында 10 курактагы категорияда өтүп жатат.

Чемпионат Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Бокс федерациясы менен биргеликте уюштурулган. Мелдештин максаты боксту жайылтуу, мыкты спортчуларды аныктоо болуп саналат.
Чемпионат 20-октябрда жыйынтыкталат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!