​“Салам-Алик” өлкө чемпиондугун жеңди

10-Март 2017, Жума

“Салам-Алик” командасы өлкө чемпиондугун жеңип алды

“Салам-Алик” командасы аялдар арасындагы волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионатында мелдештин алгачкы турунда жеңүүчү аталды. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-турдук оюндар Бишкек шаарында 6-9-мартка чейин өттү. Бул жаңы сезондо медаль үчүн таймашта 6 команда катышып, эки турдук оюн өткөрдү.

Жыйынтыгында Кыргызстандын чемпиондугун “Салам-Алик” командасы оюндун бардык матчында жеңишке жетип, 1-орунду алды. Ал эми 2-орунда “Алай Датка”, 3-орунда “Дордой Намыс” командасы ээ болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!