Суучулдар​ эл аралык турнирде 15 алтын тагынды

16-Март 2017, Бейшемби

Кыргызстандык суучулдар эл аралык "Berolina cup" турниринде 25 медаль тагынса, анын он беши алтын. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, турнир 11-12-мартта Берлин (Германия) шаарында болду. Ага Германия, Россия, Польша, Казакстан жана Кыргызстандын суучулардары катышты.

Кыргызстандык суучулдар Кирилл Вайс, Денис Петрашов, Станислав Карнаухов, Владислав Шулико, Темирлан Каратаев, Артем Камарда, Азиз Сансызбаев, Никита Пауков, Иван Пантелеев, Елизавета Рогожникова, Ульяна Куренкова, Владимир Лифинцев, Айбек Эсенбаев ар бири өлкө намысын коргоп, медаль менен кайтышты.

Спортчулар 15 алтын, 5 күмүш, 5 коло тагынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!