Нооруз! Майрамдык дасторкон

16-Март 2017, Бейшемби

Нооруз майрамын улуттук ырым-жырымдарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыздар жаңы журтка көчкөндө же майрамдарда арча түтөтүп, айлана-тегеректи жамандыктан тазалашат. Миңдеген жылдар өтсө да, Нооруз майрамынын формасы менен маңызы өзгөрбөй сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.

Нооруз майрамы дегенде ар бир адамдын оюна сүмөлөк тамагы келет. Ар бир элдин ата-бабасынан бери жасап, жеп жүргөн улуттук тамак-ашы бар. Эзелтеден бери кыргыз эли дагы өзүнүн тамак - аш өнөрүн өз алдынча өнүктүрүп келген. Аш, той берип же мейман күтүүдөгү тамак берүү салтынын эң бир сыйлуу жери устукан тартуу. Мал союлганда малдын жиликтерин устукандап коноктун санына, жашына карап бөлүштүрүлөт. Кыргыз эли көбүнчө эт жана сүт азыктары менен тамактанган.

Кыргыз элинин сыйлуу тамактары:

Бешбармак, чучук, быжы, жөргөм, олобо, куурдак, курут, эжигей, жуурат, бал каймак, сары май, каймак, кыйыкча, боорсок, жапкан нан, токоч, май токоч, тандыр нан, күлчөтай.

Суусундуктары:

Кымыз, жарма, чалап, айран, сүзмө жана башка көптөгөн түрлөрү бар.

Ал эми нооруз майрамынын символу – Сүмөлөк. Нооруз майрамы болгондо бир үйдө сүмөлөк жасалып, таң агарганча сүмөлөк аралаштырып, тилек айтып оюн курушат.

Бешбармак - майда тууралган эттен жасалган кыргыздын эң сый тамагы. Бышкан эт тууралып, эттин шорпосуна бышырылган кесме жана майлуу чык аралаштырылып бешбармак жасалат. Этти майда тууроо - улууларды, карыяларды сыйлоо. Бешбармактын алдында устукан тартылат.

Бешбармак баардык малдын ( жылкы, уй, кой, топоз, эчки) ошондой эле кийиктин ( аркар, кулжа, бугу, элик) жаңы союлган же сүрсүтүлгөн этинен жасалат.

Кымыз — бээ сүтүнөн (кээде уйдун, төөнүн) ачытып, атайын ыкма менен даярдалган улуттук суусундук. Сүтүнө жана жасалышына жараша уй кымыз (уй, топоз сүтүнөн), төө кымыз (төө сүтүнөн), бал кымыз (байтал бээнин сүтүнөн), сөөк кымыз (кеч күздөгү же кышкы), ууз кымыз (эрте жаздагы), тунма кымыз же Кылымдын гүлү (эң алгач бышылбай куюлуп алынган), ымшытма кымыз (тердетүү үчүн жылытылган), саамал кымыз (көрөңгөгө сүт жаңы кошулган же чала ачыган), чайкалган кымыз (бал, кант кошулган же өтө чайкалган), тоңдурма кымыз (чаначка же көөкөргө атайын тоңдурулган) болуп айырмаланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!