​Баскетбол боюнча эл аралык турнир башталат

17-Март 2017, Жума

Бүгүн, 17-марттан 21-мартка чейин №29 гимназия мектебинин спорт комплексинде Нооруз майрамына карата эркектер арасында баскетбол боюнча XXIV эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Турнирге Кыргызстандын эркектер арасындагы улуттук курамы, Казакстандын “Окжетпес” командасы, Россиянын “Олимп 97” командасы, Өзбекстан, Азербайжандын курама командасынан спортчулар чакырылган.

Мелдештин башкы максаты - баскетболду жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин өстүрүү, мыкты командаларды, спортчуларды аныктоо, коңшу өлкөнүн баскетболчулары менен достук алаканы бекемдөө.

Уюштуруучулар: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттук олимпиада түрү боюнча дирекциясы, КРнын баскетбол федерациясы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!