​Жүргүнчү: Маршруттук таксиге байкот жарыялоого чакырам

2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 12:53

Маршруттук таксилердин иш таштоосу элдин нааразычылыгын жаратып. Айрым социалдык тармактарда маршруттук таксиледин ээлерине байкот жарыялоо сунушунтары айтылып жатат.

Улан Джумаков деген фейзбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына төмөндөгүдөй оюн калтырган: “Бүгүн Бишкек шаарынын жашоочулары киши ташуучу фирмалардын ээлери тарбынан уюуштурулган маршруттук таксилердин айдоочуларынын мыйзамсыз иш таштоосуна туш болушту. Мындай жол менен күйүүчү май 48 сомго чыкканда жол кире акысын 8 сомдон 10 сомго чыгарышкан, а күйүүчү май арзандаганда жол акы ошол бойдон калтырылган!

Азыр эми минтип камсыздандыруу акысын төлөгүлөрү келбей жатат. Андандагы аялдама жок каалаган жерден токтогонго укук берүүнү талап кылууда.

Ансызда ушул маршруттук таксилер шаарда баш аламандык жаратып канча адамды майып кылды. Бирдагы эл ташуучу фирмалардын жетекчилери каза болгондордун туугандарына компенсация төлөп бердиби?

Кандай гана иш таштоо болбосун жүргүнчүлөр эртең менен маршрутун аныктап алы үчүн алдын ала массалык маалымат каражаттарында кабарланышы керек эле. Алар анткен жок.

Ошондуктан баардык жарандарды бүгүнкү күндөн баштап маршруттук каттамдарга байкот жарыялоого чакырам. Бир нече күндөн кийин жүргүнчүлөрдү тейлөөчү фирмалардын ээлери өздөрү келет алдыбызга.

Бишкек шаардык мэрия шаардыктарды унаа менен камсыздоого баардык аракеттерди көрүүсү керек. Жүргүнчүлөрдү тейлөөчү фирмалардын ээлеринин талабына барбаш керек”,-дейт Джумаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!