​Кырызстан жергиликтүү башкаруу иштеринде алдыда

17-Март 2017, Жума

Бүгүнкү күндө Советтер союзундагы мамлекеттердин ичинен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын иштерин алдыга жылдыруу боюнча Кыргызстан алдыда баратат. Мындай пикирди бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, баш мыйзам боюнча жергиликтүү бийлик башчыларын өкмөт башчы, президент кызматтан ала албайт.

“Биздин өлкөдө жергиликтүү башкаруу иштерин алып барууда Орусия, Казакстанга салыштырмалуу алдыдабыз. Өзбекстан, Түркмөнстанды айтпай эле коёюн, ал эми Тажикстан бизден үйрөнүп жатат. Анткени, кыргыз өкмөтү вертикалдуу, жергиликтүү бийлик горизанталдуу болуш керек. Бул жергиликтүү бийлик өкмөткө баш ийбейт дегенди түшүндүрөт. Бүгүнкү баш мыйзам боюнча президент, премьер-министр, спикер дагы айыл башчысын, мэрди кызматтан ала албайт. Билесиңер өткөн жылы Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда экс-мэр Кубанычбек Кулматовго сөгүш жарыялаган. Мен Жогорку Кеңеште “өкмөт башчынын мэрге сөгүш жарыялаганга укугу жок” деп каршы пикиримди айтып чыккам. Анткени аларды эл жана депутаттар шайлап жатпайбы”, - деди эл өкүлү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!