​Кыргызстанга бангизат ташыгандар кармалды

3-Апр. 2018, Шейшемби, 15:17

Борбор Азия өлкөлөрүнө Европадан баңгизат ташыган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган кылмышкерлер “Альфа-ПВП” деп аталган аябай таасир берүүчү синтетикалык заттын ири өлчөмүн Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында таратып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, мыйзамсыз өндүрүү же берүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!