4-апрель: күн ачык болот

3-Апр. 2018, Шейшемби, 16:45

4-апрелде жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Чүй өрөөнүндө 14 метрге жетет.

Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар. Зарыл жумуш болбосо жолго чыкпай эле койгон оң же айдоочулар автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, ташкындашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 11...16,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 12...17,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25,

Бийик тоолуу райондордо -10...-15, күндүз 1...6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 20…22° көтөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!