Карылар үйүнө жардам көрсөтүлдү

17-Март 2017, Жума

Карылар үйүнө жардам көрсөтүлдү

16-17-мартта Нооруз майрамынын алдында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жетекчиликтин демилгеси боюнча Бишкек Карылар үйүнө жана Ленин районундагы Карылар үйүнө жардамдарды көрсөтүштү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук жардамында тамак-аш азыктары берилген. “Ун, макарон азыктары, шекер, май, жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттары жана башка бардыгы болуп 60 миң сомго азык-түлүк жана жууп-тазалагыч товарлар сатып алынып, аларга тапшырылды”,-деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги карылар үйүндө 214 карыя, шаардын Ленин районундагы карылардын үйүндө 50гө жакын карыялар жашайт.

Жогорудагы мекемелердин администрациясы Кыргызпатенттин жамаатына жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!