​Маршруткалардын кырсыгынан 63 адам каза болгон

4-Апр. 2018, Шаршемби, 10:28

Өткөн жылы маршруттук таксилердин катышуусунда жалпы 626 кырсык катталып, анын кесепетинен 63 адам каза болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, 2017-жылы маршруттук таксилердин катышуусунда катталган жол кырсыгынан 1 миң 164 адам жабыркаган. Ал эми мэриянын маалыматына ылайык, 2017-жылы Бишкек шаарында маршруттук таксилердин катышуусунда 252 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!