Баштыкка оролгон ымыркай табылды

4-Апр. 2018, Шаршемби, 12:35

Бишкек шаарында дүкөндүн жанынан ара төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу шаардык ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектин Бөкөнбаев жана Герцен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн жанынан баштыкка оролгон ымыркайдын жансыз денеси табылды. Болжол менен 4-5 айлык түйүлдүк. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн ал экспертизага жиберилди.

Учурда ымыркайдын энесин издөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!