5-апрель: Кыргызстанда күн ачык болот

4-Апр. 2018, Шаршемби, 16:45

5-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрди түзөт.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17 градус жылуу болот.

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17 градус жылуу болот.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градус ысык болот.

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26 градус ысыйт.

Баткен облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градуска чейин ысыйт.

Ош облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градуска чейин ысыйт.

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градуска чейин ысыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз 1…6 градус жылыйт.

5-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с. Абанын түнкү температурасы 6…8, күндүзгү температурасы 25…27 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!