Аялдын жансыз денеси табылды

5-Апр. 2018, Бейшемби, 11:25

Бишкек шаарындагы конуштардын биринен 31 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, келиндин сөөгү 5-апрелге караган түнү Арча-Бешик конушунан табылган. Маркумдун аты-жөнүн тактоодо ал 1987-жылы туулган жаран экендиги белгилүү болгон. Анын денесинде жаракаттар бар. Учурда медициналык экспертиза жүргүзүлүп, маркумдун өлүмүнүн себептери такталууда.

Ал эми өздүк булактардын билдиргенине караганда, окуя болгон учурда келиндин жолдошу мас абалында болгон. Күйөөсүнүн айтымында, жубайын досу өлтүрүп унаасы менен качып кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!