Ымыркайдын жансыз денеси табылды

5-Апр. 2018, Бейшемби, 17:16

Ноокат районунда жаңы төрөлгөн кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ымыркай кыздын жансыз денеси кечээ, 4-апрель күнү саат 07:30дар чамасында табылган. Аны көчөдөн жергиликтүү тургундар таап алышкан.

Учурда баланын денеси экспертизага берилип, энеси изделүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!