УКМКнын 9-бөлүмүн Токтосун Сабыров жетектейт

6-Апр. 2018, Жума, 11:11

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн башчысы болуп Токтосун Сабыров дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

УКМКнын 9-бөлүмү өлкө жетекчилеринин (президент, парламент спикери, премьер-министр жана Жогорку Соттун төрагасы) жана стратегиялык объекттердин коопсуздугун камсыздайт. Сабыров мурда эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары болуп эмгектенген.

Эске кетсек, аталган кызматты буга чейин Дамир Мусакеев аркалап келген. Ал 4-апрелде кызматынан бошотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!