7-апрель: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

6-Апр. 2018, Жума, 18:00

7-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарда жаан жаап, чагылган түшөт. Тоолуу райондордо кар жаайт.

Тоолуу жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +10…+15,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +10…+15,

Ош облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +14…+19

Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +14…+19

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +14…+19

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз нөшөрлүү жамгыр жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +13…+15 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!