Айтматовдун 90 жылдыгы КМШ мамлекеттеринде белгиленет

7-Апр. 2018, Ишемби, 20:32

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө болгон бардык өлкөлөрдө белгиленет. Мындай чечим 6-апрелде Минск шаарында өткөн КМШдагы тышкы иштер министрлердин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрлер Чыңгыз Айматовдун дүйнөлүк адабиятка кошкон салымынан улам жазуучунун 90 жылдык мааракесин өз өлкөлөрүндө белгилөөнү колдошоорун билдиришти.

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча былтыр президенттин жарлыгы бар.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында туулуп, 2008-жылы 10-июнда көз жумган. Көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!