11-апрель: жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт

11-Апр. 2018, Шаршемби, 09:41

11-апрелде Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде -2 градус үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, 11-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,

Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12,

Чүй областында түнкүсүн 0...-2, күндүз 9...14,

Талас областында түнкүсүн 0...-2, күндүз 9...14,

Ош областында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Баткен областында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Жалал-Абад областында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5.

Бишкек шаарында түндө мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы ыктымал. Түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…13 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!