Кыргыз маданиятын корей модасы бастыбы? (видео)

12-Апр. 2018, Бейшемби, 13:35

Корея сулуулардын өлкөсү. Чындыгында Корей сулуулугуна суктанган адамдар көп. Анткени алар өзүнүн келбетине дайым кам көрүп, акчасын да аябайт. Келбети жакпаса пластикалык операция жолу менен өзгөртүп алышат. Ал эми корей балдары да сулуулугу үчүн кам көрүүдө кыздардан кем калышпай өзүнүн өзгөчө стилдери менен айырмаланып турушат.

Акыркы он жылда дал ушул корей стили биздин өлкөгө да жетип, айрыкча өспүрүм курактагы улан-кыздарыбыз алардын стили менен кийинип, корей субкультурасы же корей маданияты бизге жакындап бара жаткандай.



Субкультура – бул коомдун көпчүлүк бөлүгүнөн айырмаланып келген нормалар менен баалуулуктардын тутуму же тобу десек болот. 

Азыр шаар жаштары корей субкультурасына тиешелүү чач жасалгаларын өзгөртүп, керек болсо ар түрдүү боектор менен боеп, кара түстөгү корей беткабы же масканы тагынып жүргөндөрүн көп эле кездештиребиз. Базарда да кеңири сатылып, маскага болгон суроо-талап күндөн күнгө өсүп бара жатат.

Медициналык масканы модага айлантып тагынып жүргөн жаштарга суроо узатканыбызда алар “Биз маска тагынып жүрсөк эле айрымдар бетиңде шрам бар же өнөкөт оору менен ооруйсуң деп айткандар да бар. Бирок чындыгында андай эмес. Биз болгону корей тасмаларында роль ойногон атактуу актерлорду көрүп, алардай болгонго аракетибизди жасайбыз” – деп айтышты.






Аталган маска ден-соолукка зыяны жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Кыргызстанда зыяндуулугу текшерилип, атайын лабораториядан да өткөн эмес. Негизи медициналык масканы төрт саатан ашык тагынууга болбойт. Себеби, маска абаны фильтрлөөчү касиетке ээ эмес.

Ооба, азыр муну кий же аны кийбе деп эч ким таңуулай албайт. Бирок кыргыз болуп туруп, өзүбүздүн миң жылдык тарыхы бар улуттук баш кийимдерибизди аздектегендин ордуна, башка улуттун маданиятын бийик коюп, өзүбүздүн баатырларыбызды эмес, узун чач корей жигиттерин кумир тутуп алганыбыз өкүндүрөт. Өз өлкөбүздө өз тарыхыбыз менен жашаганга не жетсин...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!