​Ош базарында кайрадан өрт чыкты (фото)

13-Апр. 2018, Жума, 08:57

Бишкек шаарындагы Ош базарынан дагы өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, “Ош базарындагы” “Берекет” соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында кийимдер, кир жуучу каражаттар жана канцелярдык товарларды саткан контейнерлерден өрт чыккан. Бул тууралуу 3:52 чамаларында маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүдө 10 даана өрт өчүрүүчү техникасы, 6 куткаруучу жана өрт өчүрүү штабы иш алып барган.

Жалын күч ала электе айрым сатуучулар товарларын чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!