​Оор турмушта жашагандарды 927 кызматкер тейлейт

22-Март 2017, Шаршемби

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотованын жетекчилиги менен Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтү өзүн-өзү башкаруу органдары менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кызматташуунун көйгөйлөрү, улгайган жарандардын социалдык кызматтарга керектөөсүн аныктоо жана үйүнө барып социалдык жактан тейлөөнү эффективдүү далилдөө боюнча маселелер каралып, талкуу жүргүзүлдү.

“Тегерек столдун максаты жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөргө улгайган жарандардын керектөөсүн аныктоо, ошондой эле министрликтин буйругу менен пилоттук облустар Чүй облусунан Токмок шаары, Москва району жана Жалал-Абад облусунан Жалал-Абад шаары, Аксы районунда аныкталган жарандар тууралуу маалымат айтылды”,-деп айтылат ведомстводон.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө улгайган жарандарды жана соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйүнө барып социалдык жактан тейлөөдө 927 социалдык кызматкелер жалпы 10 миң 600дөн ашык турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарды үйүнө барып социалдык жактан тейлейт, алардын ичинен жалгыз бой улгайган жарандардын саны 5144 адамды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!