​340 гектар айдоо жер суу астында калды

17-Апр. 2018, Шейшемби, 10:11

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп 340 гектар айдоо жерди суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Баш-Дөбө айыл аймагындагы Бак тилкесинде 107 гектар үлүш жерди, Өзгөн Девзира кооперативинин 234 гектар жерин суу каптаган.

Андан тышкары Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 18 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралган.

Жээктерди бекемдөө үчүн атайын техникалар тартылган. Кечээ, 16-арпрелде тартылган күчтөрдүн жардамында, 18 каттам шагыл ташылган жана 60метр узундуктагы суу тосмо орнотулган. Жээк бекемдөө иштери улантылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!