​Тогуз-Тородогу тартипсиздик боюнча 15 киши камалды

17-Апр. 2018, Шейшемби, 13:53

11-апрелде Тогуз-Тородогу “Макмал алтынкен” комбинатындагы фабриканын жаңы имаратын өрттөө боюнча 15 киши камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык, мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, өрттөө жана массалык тартипсиздик беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон.

Аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 11-апрель күнү түзүмдөр аралык комиссиянын курамына кирген 30 адам "Макмал алтынкен" комбинатынын жанында жергиликтүү тургундарга “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан, андан сырткары, салынып жаткан чарба курулуштарын, курулуп жаткан үйлөрдү техникалары менен өрттөп жиберген.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан коомдук коопсуздук камсыздалып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!