28-апрель: Кыргызстанда жаан-чачын болбойт

27-Апр. 2018, Жума, 18:21

Кыргызгидромет борборунун билдиргенине караганда, бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27,

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 3...8 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 6…8, күндүз 24…26 градус жылыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!