​3-май: Кыргызстанда күн ачык болот

2-Май 2018, Шаршемби, 17:20

3-майда өлкө аймагында түнкүсүн жамгыр жаашы күтүлбөйт. Күндүз Түштүк аймактагы тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;

Талас ааймагында түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;

Ош облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Бишкек шаарында 3-майда жамгыр жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +21…+23.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!