​Жер көчкү дарыяны бөгөп калды​

3-Май 2018, Бейшемби, 14:04

Сузакта жер көчкү кайрадан активдешип, Көк-Арт дарыясын тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү кайрадан сүрүлүп түшүп Көк-Арт дарыясын бөгөп калган. Учурда топтолгон суу болжол менен 1 млн. 200 миң метр куб. Суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугунда агууда. Учурда жер көчкү болгон жерде ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу иш алып барып, көчкүнүн көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!