​Бишкек - Ташкент багытында автобус каттай баштайт

4-Май 2018, Жума, 12:17

5-майдан тарта Бишкек-Ташкент-Бишкек каттамы боюнча автобус жүрө баштайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган рейс күнүгө кечки саат 22.00 жөнөп турат. Чоң адамдар үчүн билеттин баасы 1000 сомдон, ал эми 5-12 жашка чейинки балдарга 500 сом турат. 5 жашка чейинки балдарга акысыз. Багаждын бир орундугу 200 сом. Билеттер “Кыргыз автобекети” ишканасынын кассаларында сатылат.

Эскерте кетсек, Ташкент багыты боюнча темир жол, аба каттам жана авто каттамдар жөнүндө келишим 2017-жылдын 13-14-декабрында президенттердин жолугушуусунда түзүлгөн.

Буга чейин март айынан тарта “Ташкент-Балыкчы-Ташкент” поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттай баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!