​Катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

8-Май 2018, Шейшемби, 10:40

5-май күнү болгон катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп, калкты жарыксыз калтырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Араван районунда катуу шамал 18 үйдүн чатырын учуруп, айылдын 450 метр электр чубалгысын үздү.

Жалпы район боюнча чарбалык курулуштарынын 531 даана шиферлерин, 256 чарчы метр темир тунукелерин учурган.

5-май күнү болгон шамалдын ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жетти. Жабыркагандар жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!