​ЖЭБге алынган насыянын үстөк төлөмү 107 млн. доллар

​ЖЭБге алынган насыянын үстөк төлөмү 107 млн. доллар
16-Май 2018, Шаршемби, 12:13

Бишкектин Жылуулук электр борборун оңдоо үчүн Кытайдан алынган 386 млн. доллар насыя үстөк пайызы менен 493 млн. доллар болуп төлөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы Каржы министри Ольга Лаврова билдирди.

Анын айтымына караганда, насыя 20 жыл аралыгында төлөнөп бүтүшү керек жана төлөөнүн эң көп көлөмү 2023-2024 жылдарга туура келет.

Ал эми Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, азыркы учурга чейин бул насыя боюнча 19 млн. доллар төлөнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!