​Көчмөндөр оюндарынын байге фонду 28 млн. сом болду

​Көчмөндөр оюндарынын байге фонду 28 млн. сом болду
16-Май 2018, Шаршемби, 15:46

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду 28 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда 2018-жылдын сентябрь айынын башында Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фондуна мурдагы оюндун байге фондуна караганда 1 млн. сомго көбүрөөк жумшалат.

2018-жылы медалдар спорттун 37 түрү боюнча ойнотулат. 582 медаль коюлуп, анын 270 – алтын, 170 – күмүш, 120 – коло.

Эскерте кетсек, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жалпы байге фонду 27 млн. сомду түзгөн.

Биринчи көчмөндөр оюндарында 166 жуп медаль тапшырылган, экинчисинде медалдын саны 387ге жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!