​Үйдөн чыккан өрт адам өмүрүн алган

​Үйдөн чыккан өрт адам өмүрүн алган
17-Май 2018, Бейшемби, 11:02

Сокулук районунда турак үйдөн өрт чыгып жоготуулар бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-майда Сокулук районундагы Саз айылынын Түк-Баш көчөсүндө турак үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрттүн кесепетинен эки жаран каза болуп, 47 жаштагы жаран оор жаркат алган. Каза болгон адамдардын бири 46 жаштагы жашоочу, ал эми экинчи каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда.

Учурда тийиштүү органдар өрттүн келип чыгуу себебин тактоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!