18-майда өлкөнүн көпчүлүк райондорунда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Бишкекте дагы күн бүркөлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,
Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25,
Нарын жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градус жылуу болот.