​Калктын кирешеси 355,3 млрд. сомго жетти

​Калктын кирешеси 355,3 млрд. сомго жетти
17-Май 2018, Бейшемби, 17:57

Өткөн жылы калктын номиналдуу акчалай кирешеси 355,3 млрд. сомду түздү, бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 14,7 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, калктын акчалай кирешесинин негизги булагы же 70,6 пайызы эмгектенүүдөн тапкан каражат болуп эсептелет.

Ал эми калктын реалдуу акчалай кирешеси 2016-жылга салыштырмалуу 11,2 пайызга көбөйүп 344,6 млрд. сомду камтыды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!