​Президент балдарды майрамы менен куттуктады

​Президент балдарды майрамы менен куттуктады
1-Июнь 2018, Жума, 10:53

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

"Урматтуу мекендештер!

Кыргызстанда дүйнө коомчулугу менен бирге 1-июнь кичинекей жарандарыбызды, балдарды коргоо күнү катары өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери белгиленип келе жатат. Бул күн — балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин, алардын өмүрү менен ден-соолугу, билими менен коопсуздугу, келечеги үчүн жалпы коом жоопкер экенин дагы бир жолу эсибизге салган күн. Ар бир бала бактылуу балалыкка, татыктуу жашоого жана жаркын келечекке ээ болууга укуктуу. Аны камсыз кылуу — биздин милдетибиз.

Кымбаттуу балдарым!

Бүгүнкү майрамдык шаңга бөлөнгөн күнүңөр кут болсун!

Силерге ар дайым жарык маанай, узун өмүр, тоодой бак-таалай каалайм.

Баарыӊардын алдыга койгон максаттарыӊар, таттуу кыялдарыӊар ишке ашсын!

Акылдуу жана чынчыл өскүлө, ата-энеңерге кайрымдуу болуп, элибиз сыйлаган, өз Мекениңердин — биздин Кыргызстандын желегин бийик көтөргөн инсандардан болгула!

Жараткан колдоп, турмуш сапарыӊар байсалдуу болсун!"

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!