​Балдардын жайкы эс алуусуна 5 млн. сом бөлүндү

​Балдардын жайкы эс алуусуна 5 млн. сом бөлүндү
1-Июнь 2018, Жума, 11:08

18 миң бала үчүн жайкы эс алуу уюштурулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кечээ балдар үчүн жайкы эс алууну уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө балдардын жайкы эс алуусуна даярдыктар жана алардын коопсуздугун сактоо маселелери каралды. Бул жылы жайкы эс алууга республикалык бюджеттен 5 млн сом бөлүнгөн.

Мындан сырткары 485 мектеп базасындагы лагерлер бир ай бою балдардын эс алуусун камсыздайт. Башкача айтканда, 18 миң бала үчүн эс алуу уюштурулат.

Эң биринчи аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына көңүл бурулушу керек. Бир эле үй-бүлөнүн балдары жыл сайын эс алууга бара бербегидей кылып атайын тандоо боюнча механизм иштеп чыгуу керек. Жылдап эс алууну күткөн балдар бар”, -дейт Өмүрбекова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!