​Кытай кайтарымсыз 450 млн. юань бөлөт

​Кытай кайтарымсыз 450 млн. юань бөлөт
1-Июнь 2018, Жума, 13:48

Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын техникалык-экономикалык байланышы тууралуу өкмөттөр аралык келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, келишимде кайтарымсыз түрдө 350 млн. кытай юанын берүү каралган. Бул каражат “Бишкектин көчө-жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга коротулат.

Ошондой эле кытай тарап “Кум-Дөбө, Мынакелди жана Бурана шаарчаларындагы археологиялык эстеликтерди изилдөө, консервациялоо жана кайра калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн грант катары 100 млн. юань бөлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!