​Жүк унаасын сүзгөн айдоочу каза болду

​Жүк унаасын сүзгөн айдоочу каза болду
1-Июнь 2018, Жума, 16:16

Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, жүргүнчүсү оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 42-чакырымында болгон. Анда "Форд-Фокус" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен "Мерседенс-Бенц D-811" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышкан. Жеңил унаанын 41 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде көз казаболуп, 33 жаштагы жүргүнчү жаракат алган. Аларды ӨКМдин кызматкерлери чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Каза болгон адам жана жабыркаган адам Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!