​Шашылыш билдирүү: тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн

​Шашылыш билдирүү: тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн
4-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 15:06

4-5-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетет. Ошондой эле республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!