​Кыргызстандын жолдору начар экен дейт!

​Кыргызстандын жолдору начар экен дейт!
4-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 16:19

Кыргызстан жолдордун сапаты боюнча 122-орунда турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форум түзгөн 2017-2018-жылдардагы аттандаштыкка туруктуулук боюнча глобалдык индексинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка караганда, аталган рейтингге жалпы 137 мамлекет киргизилген. Рейтингде жолдордун сапаты жети баллдык көрсөткүч менен бааланды.

Рейтингдин жогорку упайын эч ким багындыра алган эмес. Эң жакшы эсептелген Бириккен Араб эмирлигинин жолдору 6,4 упайга татыса, ал эми Сингапур менен Швейцария 6,3 упайга татыган.

Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан 2,7 гана упай топтоп 122-орунда калган. Тажикстан 70-орунда (4,1 упай), Казакстан 2,9 упай менен 115-орунда, Кытай 4,6 упай менен 42-орунда, ал эми Өзбекстан рейтингге кирген эмес.

Эң жаман жолдор Мавритания (2 упай), Конго (2,1 упай) жана Гаити (2,1 упай) болгон.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!