​Украинага түз авиакаттамдар ачылат

​Украинага түз авиакаттамдар ачылат
5-Июнь 2018, Шейшемби, 11:16

Жакынкы убакытта Кыргызстандан Украинага түз авиакаттамдар ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор мининстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 29-майында Киевде эки өлкөнүн авиациялык структураларынын өкүлдөрү жолугуп, келишим түзүлгөн. Кыргызстан бир тараптуу авиакаттамдын ачылышына уруксат берген.

Аталган каттам ачылса украиналык компаниялар Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө да учуу жасай алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!