​Бажынын дагы бир жетекчиси кармалды

​Бажынын дагы бир жетекчиси кармалды
5-Июнь 2018, Шейшемби, 11:57

Бажынын жетекчилеринин дагы бири кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик бажы кызматынын башкармалыктарынын биринин мурдагы башчысы Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча тергөө аяктаганча камакта жатмай болду.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин “Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринин негизинде Бажы кызматынын айрым жетекчи кызматкерлерине карата иш козголгон. Ушул эле беренелер менен Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук бажысынын мурунку башчысы Нурбек Айбашев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн материалдарына караганда, 2015-жылы аффилирленген фирмалардын бири “U.Q.I.T.C.L.” фирмасы менен Кытайга тери, бут кийим жана башка ушул багыттагы товарларды ташуу тууралуу келишим түзгөн. Кийин Бажы Биримдигинин Бажы кодексин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу менен товарларды атайылап жалган идентификациялоо аркылуу бажы аймагынан сырткары бажы процедурасын колдонууга уруксат берилген.

Ушундай көрүнүштөрдөн улам мамлекетке бажы төлөмдөрү түшпөй, 166 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!